Мамлекеттик компаниялар COVID менен күрөшүүгө канча каражат бөлгөнү айтылды

53 миллион сомдун ичинен 24 миллиону акчалай түрүндө берилсе, калган 29 миллион сому азык-түлүк түрүндө таратылган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө мамлекеттик компаниялар тарабынан көрсөтүлгөн жалпы жардамдын суммасы 53 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Жылдызбек Исакулов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 53 миллион сомдун ичинен 24 миллиону акчалай түрүндө берилсе, калган 29 миллион сому азык-түлүк түрүндө таратылган.

Эске салсак, коронавирус менен күрөшүүдөгү иш-чараларды каржылоо үчүн өкмөт тарабынан атайын эсеп ачылган.