38 киши коронавирустан арылып, үйлөрүнө кетти

Республика боюнча жалпы 1483 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Акыркы суткада жакшы болуп кеткендердин көпчүлү Бишкекте жана Нарын облусунда жашагандар.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирустан 38 киши сакайды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

“Алардын 19у Бишкек шаарынын, төртөө Ош шаарынын, бири Ош облусунун, 13ү Нарын облусунун, дагы бири Жалал-Абад облусунун тургундары”, — деди Үсөнбаев.

Республика боюнча жалпы 1483 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.