Кайсы автоунаа жарактан бат эле чыгып калышы ыктымал? Рейтинг

Автомат коробкалары тез эле иштен чыкчу транспорттор рейтингине Chevrolet Equinox (135 миң чакырым), Nissan Rogue (135 миң чакырым), GMC Acadia (156 миң чакырым) жана Jeep Wrangler (156 миң чакырым) үлгүсүндөгү автокөлүктөр да илинген.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Американын Consumer Reports аттуу бейөкмөт уюму автомат коробкасы бат бузула турчу автоунаалардын кезектеги рейтингин жарыялады. Бул тууралуу Известия басылмасы жазды.

Тизмеге автомат коробкасы ар кандай болгон автоунаалардын бардык түрү кирген.

Рейтингдин биринчи сабында 2012-2015-жылдары чыгарылган Ford Focus үлгүсүндөгү жеңил машина турат. 48 миң чакырым айдалгандан кийин анын коробкасында көйгөй жарала башташы ыктымал.

Кыргызстандагы айдоочулар тууралуу кызыктуу фактылар
Экинчи орунда 2013-2015-жылдары чыккан Nissan Pathfinder жолтандабасы турат. Аны 80 миң чакырым айдагандан кийин коробкасы жарактан чыгып калышы мүмкүн. Тизменин үчүнчү сабына 2013-2016-жылдары чыгарылган Nissan Versa Note жана 2013-2015-жылдары чыккан Infiniti QX60 илинген. Экөө тең 90 миң чакырымдай айдалгандан кийин жогорудагыдай абалга кабылат.

Бешинчи жана алтынчы орунда 2012-жылдан 2015-жылга чейин куралган Nissan Maxima менен Nissan Sentra үлгүсүндөгү автоунаалар турат. Булардын коробкасы 106-109 миң чакырымга эле ылайыкташкан.

Коробкалары тез эле иштен чыкчу транспорттор рейтингине Chevrolet Equinox (135 миң чакырым), Nissan Rogue (135 миң чакырым), GMC Acadia (156 миң чакырым) жана Jeep Wrangler (156 миң чакырым) үлгүсүндөгү автокөлүктөр да илинген.