Аптапта көп ысыбаш үчүн кандай тамактануу керек? Дарыгердин кеңеши

Эт азыктары көптө барып сиңет, мындан тышкары, ысыкта метаболизм төмөндөйт. Ошондой эле кара чайдын ордуна көк чай, дары чөп жана жемиштер кошулган чай ичүү сунушталды.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Күндүн ысыгында майлуу тамактан жана спирт ичимдиктринен баш тартып койгон оң. Бул тууралуу диетолог Мария Аплетаева “Известия” басылмасына берген маегинде билдирди.

Дарыгердин айтымында, ысыкта эт азыктарын рациондон алып салган оң. Анткени алар организмге көптө барып сиңип, ысыкта метаболизм төмөндөйт. Врач курамында суюктук жана С витамини көп болгондуктан жайкысын жер-жемиштер менен  көп азыктанып, балык, канаттуу этин жана деңиз азыктарын да четте калтырбоону кеңеш кылат. 

Түшкү тамакта жашылчадан жасалган шорпо ичип, окрошка даярдаганда колбасанын ордуна канаттуунун этин пайдалануу сунушталды. Ал эми эртең мененки тамакка жер-жемиш кошулган омлет жасаган оң.

“Мындан тышкары, ысыкта суусап кан катып калбоо үчүн сууну көп ичүү керек. Ошондой эле кара чайдын ордуна көк чай, дары чөп жана жемиштер кошулган чай ичкен жакшы”, — деди Аплетаева.

Жай мезгили — жаман адаттардан арылууга ыңгайлуу учур. ДССУнун сунушу
Ал эми кофени жайкысын күнүнө бир-эки кружкадан ашырбоо керек.

Чуркоо боюнча адис Алексей Лютых эске салгандай, ысыкта аралыкка чуркоо менен интенсивдүү машыгууга болбойт. Анткени организмдин да өзүнө келүүсүнө убакыт берүү зарыл. Ал жайкысын эртең мененкисин гана чуркоого кеңеш берет.

Россиянын Улуттун саламаттыгы лигасынын эксперти жана кардиолог Мехман Мамедов ысыкта күнүнө бир-эки жолу бөлмөнү желдетүү менен бат-бат жуунуп турууну айтты.