Министрлик: вирус жоголо элек, бирок эл кайдыгер мамиле кылууда

Саламаттык сактоо министринин орун басары жарандарга көчөгө чыгардан мурда өздөрүнө жана балдарына тиешелүү түрдө кам көрүп алууну сунуштайт. Тагыраагы, ар бир адамдын жанында бет кап, кол кап жана антисептикалык каражаттар болушу шарт.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кыргызстандыктар эпидемиологиялык абалга өтө эле кайдыгер мамиле кылууда. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Акыркы убакта биз айткан эрежелерди бузуп, бет кап тагынбаган, социалдык аралыкты сактабаган жана ооруга кайдыгер караган учурлар көп болууда. Эгер биз мамилени өзгөртпөсөк, санитардык талаптарды сактабасак, байланышты көбөйтө берсек, бул илдет мындан ары да тарап кетиши мүмкүн. Ошондуктан этият болгула", — деди Үсөнбаев.

Бүгүнкү статистикага ылайык, ооруну жуктургандардын саны 2032ге жетти. Анын ичинен 1445 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Тилекке каршы, бир бейтап каза болуп, Кыргызстанда коронавирустан көз жумгандардын саны 23 адам болду.