БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кыргызстанда футбол клубдарына машыгууларын жандантууга уруксат берилди. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Футболчулар оюн талаасына чыгып, төмөнкү турнирлерге даярдык көрүшөт:
- Кыргыз премьер-лигасы (футбол);
- Улуттук лига (футбол);
- Экинчи лига (футбол);
- Фан лига (футбол);
- Кыргызстандын суперкубогу (футбол);
- Кыргызстандын кубогу (футбол);
- Ардагерлер лигасы (футбол);
- Кыргызстандын суперлигасы (футзал);
- Кыргызстандын кубогу (футзал);
- КР Футзал ассоциация (футзал);
- Суперкубок (футзал);
- Евразия лигасынын III туру (көл жээгиндеги футбол).
Кыргызстандын футбол союзу спортчуларга медициналык кароодон өтүүнү, санитардык нормаларды сактоону, дене табын текшерүүчү каражаттар менен камсыздалууну сунуштады.