Кыргызстанда дагы 25 адам коронавирус жуктуруп алды

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов эгер вирус аныкталгандар азайбай турган болсо, борбор калаада ага каршы чаралар күчөтүлө турганын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда 25 адамдын коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 18 адам болсо, Чүй облусунда жети кишиден чыккан.

"Жалпысынан ушу тапта 564 киши стационарда дарыланып жатат, анын үчөө реанимацияда. Вирус жуктуруп алганы жаңы аныкталгандардын арасында беш медицина кызматкери бар", — деди Үсөнбаев.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 2032 болду.