Францияда шарап чыгаргандар ичимдиктен антисептик жасап башташат

Ичимдикти утилизациялоону Евробиримдик каржылайт. Мындай кадам ишкерлерге каатчылыктан чыгууга жардам берет.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Францияда шарап чыгаргандар ичимдиктен колду дезинфекциялаган, бактерияга каршы гель жасай башташат. Бул тууралуу "Известия" басылмасы The Guardian гезитине таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, ичимдикти утилизациялоону Евробиримдик каржылайт. Мындай кадам ишкерлерге каатчылыктан чыгууга жардам берет.

Пандемиядан улам ишкерликтин бул түрүнүн жумушу солгундай түшкөн.

"Өткөн жума күнү Франциянын арак-шарап чыгарган 33 заводуна эки миллион гектолитр ичимдикти этанолго айлантып, андан колду дезинфекциялай турган антисептик жасоо үчүн керектүү жабдуунун баары жеткирип берилген. Дистилляциядан алынган спирт фармацевтика тармагында гана эмес, косметика өндүрүшүндө да колдонулат", — деп айтылат маалыматта.

Өкмөт бет кап, антисептик чыгарууну эртелетүүгө жардамдашмай болду
Өкмөткө караштуу FranceAgriMer агенттиги сатылбай калган ороодогу үч гектолитрге чукул шарапты кайра иштетип чыгуу керектигин жазган.

Коронавирус пандемиясынан улам Франция жана башка мамлекеттерде барлар жабылып, мунун кесепетинен шарап чыгаргандар да чыгымга учурушкан. Айрыкча, шампандар такыр өтпөй калган.