Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 7 миллиондон ашты

Ушул жылдын 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылды, ага каршы вакцина табыла элек. 
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун маалыматына караганда, дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны жети миллиондон ашты.

Кытай коронавируска каршы вакцинаны жалпыга жеткиликтүү болгудай кылып жасап жатат
Анын ичинен 402 миңден ашуун адам COVID-19 илдетин жеңип чыга албай каза болду. 3 133 664 киши сакайып кетти. 

Вирус жуктуруп алгандар боюнча алдыңкы орунда дагы деле АКШ турат. Кошмо Штаттарда 1 941 978 киши коронавируска кабылып, 110 миңден ашуун бейтап көз жумду. Экинчи орунда Бразилия (жуктургандар — 691 958, каза болгондор —36 455), үчүнчүдө Россия (жуктургандар — 467 073, каза болгондор — 5851) турат.

Коронавирус тууралуу

2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылды, ага каршы вакцина табыла элек.