Нарын: COVID-19дан Чкалов мектебинин директору, экс-депутаттын эжеси каза болду

Бүгүнкү брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нарында 67 жаштагы аял коронавирустан каза болгонун айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кечээ Нарында коронавирустан каза болгон аял Валерий Чкалов атындагы №2 мектептин директору Айчүрөк Самакова экени айтылды. Маалыматты Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы тастыктады.

Самакова аталган мектепте 1986-жылы директордун тарбия иштери боюнча орун басары катары эмгек жолун баштаган. 1997-жылы директор болуп дайындалып, ушул кезге чейин иштеп келген. 

Нарын: COVID-19дан Чкалов мектебинин директору, экс-депутаттын эжеси каза болду

Ошондой эле ал экс-депутат Карганбек Самаковдун бир тууган эжеси экени да маалым.

Атам ушундай кезде иштен кетүүдөн уялды. Каза болгон медиктин уулу менен маек
Бүгүнкү брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Нарында 67 жаштагы аял коронавирустан каза болгонун билдирген. Ал бейтап оорусун айтпай үйдө жата берип, медиктерге 5-июнда кайрылганда мобилдик бригада барып ооруканага алып келишкенин айткан. Абалы өтө оор болгондуктан 6-июнда Нарын облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.

"Абалы өтө оорлошуп кеткендиктен, медиктердин жасаган аракеттерине карабай кечээ, 7-июнда кечинде, жүрөгү токтоп каза болуп калды. Ага COVID-19дун эң оор түрү жуккан деген диагноз коюлду. Өпкөсүнөн эки тараптуу пневмония болгон, анемия менен да жабыркачу экен. Кан басымы өтө жогору болуп коронавирус жугузуп алгандан кийин организм көтөрө албай калган", — деп айткан Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирустан 23 адам каза болду. Бүгүнкү статистикага ылайык, ооруну жуктургандардын саны 2032ге жетти. Анын ичинен 1445 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.