Бишкекте Россия күнү ири онлайн-концерт менен белгиленет

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу концертти онлайн режиминде — сыналгыдан жана интернеттен өткөрүү чечими кабыл алынды.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. —Sputnik. Россия күнү Бишкекте "Достук ыры" аттуу ири онлайн-концерт менен белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстандагы Россиянын Илим жана маданият борборунун өкүлчүлүгү билдирди.

Иш-чара 12-июнда саат 11.00дө Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Аны Россия элчилиги, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Россиянын Илим жана маданият борбору уюштурууда. Концерт Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында болмокчу.

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу иш-чара көрүүчүлөрсүз өтөт, бирок КТРК телеканалынын "Маданият, тарых, тил" берүүсүндө, ошондой эле интернеттеги каналдын баракчасында түз көрсөтүлөт.

ММУнун Оштогу филиалына Москвадан 100гө чукул адис келип, сабак бермекчи
Ырларды орус жана кыргыз артисттери, ошондой эле эки өлкөнүн чыгармачыл жамааттары аткарат. Россиянын Эл артисти Надежда Крыгина, эмгек сиңирген артисттери Валерий Семин жана Нина Шацкая, Татарстандын Эмгек сиңирген артисти Альберт Жалилов, эл аралык конкурстардын лауреаты Евгений Южин, "Россия" Мамлекеттик академиялык орус фольклордук ансамблинин жана "Огоньки" Мамлекеттик бий ансамблинин солисттери (Барнаул) сахнага чыгышат. Алар кыргыз кесиптештери менен дуэт аткарышат.

Кыргыз тараптан "Сувенир" орус ырлар ансамбли, "Семетей", "Шаттык", "Акак" ансамблдери, эл артисттери Султан Каримов жана Замира Мавлянова, эмгек сиңирген артисттер Жылдыз Осмоналиева, Юлия Руцкая, Бакыт Ыбыкеев, Тилек Найманбаев, Шайгүл Алсеитова, Кайрат Примбердиев, Каныкей Раймалиева, эл аралык конкурстардын лауреаттары Ирина Рыбина, Миран Жанарбаев, Адис Ардинатов, Мария Наумова, Оксана Шутова, Данияр Дөлөтбаков, Орозбек Бакытов, Нуржигит Асанов жана Акмаанай Эшбаева катышат.

Концерттин идеясынын автору жана режиссёру Россиянын Илим жана маданият борборунун Бишкектеги маданий долбоорлорунун куратору Игорь Воронцов.