Бензин арзандайт, бирок моторду кайра жасоо керек болобу? Биоэтанол тууралуу

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги биоэтанол өндүрүү менен бензинге болгон бааны төмөндөтүп, экологиялык абалды жакшыртса болорун айтат. Бирок адистердин баары эле мындай пикирге кошула бербейт.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңештин профилдик комитети өкмөт сунуштаган "Биоэтанол тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окуудан кабыл алды. Министр Эркинбек Чодуевдин айтымында, бул нерсе кошумча жумуш орундарын пайда кылып, экологиялык абалды жакшыртат. Ошондой эле бензинди арзандатат.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы биоэтанол өндүрүү чын эле пайдалуубу деп кызыгып көрдү.

Өкмөт эмнени демилгелеп жатат?

Айыл чарба министрлиги спиртзаводдор кант кызылчасы жана башка өсүмдүктөрдүн ширесинен биоэтанол (биоотун катары колдонулчу техникалык спирт) өндүрүүнү сунуштайт. Аны нефть кайра иштетүүчү заводдо бензинге аралаштырышат.

Канчалык зарылдыгы бар?

Министрликтин билдиргенине караганда, мындай жол менен автоунаалардан абага бөлүнүп чыгып жаткан уулуу газдын көлөмүн азайтса болот.

"Чүй облусунда кант кызылчасын кайра иштеткен эки ишкана бар, алар кызылчанын калдыктарынан спирт өндүрсө болот. Бул нерсе автоунаалар бөлүп чыккан газдын көлөмүн 25 пайызга азайтууга шарт түзөт. Ошондой эле курамында биоэтанол бар бензин толугу менен күйүп, көмүр кычкыл газдын бөлүнүшү 30 пайызга төмөндөйт”, — деди министрликтин өкүлү Нургазы Казыбеков.
Бензин арзандайт, бирок моторду кайра жасоо керек болобу? Биоэтанол тууралуу

Автоунаага тийгизген залакасы?

Казыбековдун айтымында, бул заттын машинага терс таасири жок.

"Тетиринче, майдын толугу менен күйүп кетиши кыймылдаткычтын кубатын жогорулатат. АКШ, Бразилия, Германия, Франция сыяктуу Европа өлкөлөрү жана Россия, Казакстан сыяктуу жакынкы өлкөлөр биоэтанол колдонушат”, — деди Казыбеков.

Биз маектешкен автоунаа оңдоочу жайдын кызматкерлери дагы октандык сан жогоруласа, моторго жакшы таасир этерин айтышат.

Экономикага кандай таасир этет?

"Кара-Балта спирт заводу" ишканасынын директору Таалайбек Далбаев өндүрүш айына бюджетке 10-25 миллион сомдон түшүрүүгө шарт түзөрүн айтса, мыйзамдын демилгечилери жыл сайын казынага 100 миллион сомдон көбүрөөк акча түшөрүн божомолдошууда.

Ошондой эле күйүүчү май импортунун көлөмү азайып, айыл чарба жерлери айдалып, жумушчу орундар пайда болору айтылат.

Бензин арзандайт, бирок моторду кайра жасоо керек болобу? Биоэтанол тууралуу

Бардыгы айткандай болобу?

Биоэтанол өндүрүү үчүн атайын шаймандар керек, бирок азыр алар Кыргызстанда жок. Аны сатып алуу үчүн 800 миңден 1,5 миллион долларга чейин керектелет. Инвестор дагы табыла элек, бирок Эркинбек Чодуев мыйзам кабыл алынса, чет элдик демөөрчүлөр табылат деп ойлойт.

Мындан тышкары, мыйзам долбоору тууралуу документтерде кант кызылчасын айдоого мурда дайындалган жер тилкелери жок болгондуктан, башка өсүмдүктөрдүн аянтын азайтуу тобокелдиги бар экени айтылат. Бул нерсе айыл чарба азыктарын башка өлкөлөрдөн импорттоого жана тамак-ашка болгон баага таасир этиши мүмкүн.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеште талкуулоо учурунда депутаттар ар кандай пикирлерди айтты. Мисалы, эл өкүлү Мирлан Жээнчороев Айыл чарба министрлиги алкоголь өндүрүүчү олигархтардын кызыкчылыгын коргоп жатат деген пикирде. Эмил Токтошев дагы министрлик бир нерсени жашырып жатат деп божомолдоду.

Экологдор эмне дейт?

Эколог Сергей Криворучконун айтымында, Кыргызстандын шартында биоэтанол моторду иштетүүчү май катары экономикалык жактан пайдасыз. Анын үстүнө бул идея өлкөдө экологиялык жана тамак-аш коопсуздугу жагынан коркунуч жаратышы мүмкүн.

“Кыргызстан мурун-кийин биоэтанолду автоунаа майы катары колдонбогондуктан, автотранспорт бул май менен кандай иштээрин билбейбиз. Анын үстүнө инфраструктура дагы жок. Бирок биоэтанолду башка сырьедон алса болот. Мисалы спирт өндүрүшүнүн калдыктары, ал бизде жетиштүү. Мындай жол менен биз “бул кимге пайдалуу?” деген суроого жооп алабыз”, — деди адис.

Анын айтымында, биоэтанол өндүрүү дыйкандарга тиешелүү жер тилкелеринин бир бөлүгүн “тартып алышы” мүмкүн. Бул тамак-аш коопсуздугуна доо кетирип, жакырчылыкты шарттайт.

"Айыл чарба багытындагы жерлерди азыркы абалын эске алганда, биоэтанол өндүрүп экономикалык жактан пайда көрүү үчүн минералдык жер семирткичтерди пайдаланышыбыз керек. Бул абдан чыгымдуу нерсе. 5-10 жылдын ичинде жер ого бетер арыктап, кайра калыбына келтирүү үчүн оңбогудай күчтү талап кылат. Өндүрүштүн калдыктарын жок кылуучу ишкана керек. Жыйынтыгында мунун баары товардын баасын кымбаттатат”, — деди Криворучко.

Анын ордуна эколог Кыргызстанда жетиштүү запасы бар органикалык айыл чарба калдыктарынан биогаз өндүрүүнү сунуштайт.

Ал эми экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев, тескерисинче, биоэтанол өндүрүүнү тезинен колго алуу керектигин айтат.

"Бул абдан керектүү долбоор. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү ишке ашырып койгон идеяны биз дагы деле талкуулап отурабыз. Экологиялык жана экономикалык жактан пайдалуу нерсе”, — дейт Сарыбаев.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынан бензин менен биоэтанолду аралаштыруу процесси кандайча ишке ашырыларын министрликтен сурашканын айтышты. Бирок азырынча жооп боло элек экен.