Бүгүн ички каттамдар жанданып, алгачкы учак Ошко барып келди

Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстан КР жарандарын чет өлкөдөн кайтарууга байланышкан чартердик каттамдарды жана жүк каттамдарын кошпогондо үзгүлтүксүз ички жана эл аралык каттамдарды токтоткон.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Өлкөдө бир нече ай мурда токтотулган ички аба каттамдары жанданып, бүгүн алгачкы учак Бишкек — Ош — Бишкек багыты боюнча барып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Анда 208 жүргүнчү тейленди.

"Республикалык штабдын жана Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларына ылайык, өлкөдөгү бардык ири аэропорттордо коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Аэропорт жетекчилиги терминалдарга уча турган жүргүнчүлөр гана кире аларын жана бет кап режимин сактоо керектигин эскертет", — деп айтылат билдирүүдө.

Июнь-июлда Россиядан Кыргызстанга жума сайын чартердик каттамдар уюштурулат
Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстан КР жарандарын чет өлкөдөн кайтарууга байланышкан чартердик каттамдарды жана жүк каттамдарын кошпогондо үзгүлтүксүз ички жана эл аралык каттамдарды токтоткон.

5-майда Аба транспортунун эл аралык ассоциациясынын (ИАТА) маалыматы боюнча, 2020-жылдын апрель-май айларындагы каттамдардын саны 2019-жылдын апрелине салыштырганда 90 пайызга азайган.