Мушкер Алтынбек Мамашовдун кийинки турнири жана атаандашы белгилүү болду

Аралаш мушташ боюнча турнир 11-июлда Россиянын Санкт-Петербург шаарында өтөт. Бул Мамашовдун жыл жаңыргандан берки алгачкы беттеши болмокчу.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Алтынбек Мамашов ACA 106 турниринин алкагында россиялык Василий Курочкин менен күч сынашат. Бул тууралуу аталган спорттук компаниянын Instagram баракчасында жарыяланды.

Аралаш мушташ боюнча турнир 11-июлда Россиянын Санкт-Петербург шаарында болот. Мушкерлер 77 килограмм салмак ченде кармашат.

Октагондо "Золотой" каймана аты бар Алтынбек Мамашов соңку кармашын былтыр 29-ноябрда Астана шаарында болгон ACA 102 турниринде өткөрүп, казакстандык Гойти Дазаевди сулата чаап, көпчүлүктү таң калтырган. Жалпысынан 15 турнирге катышып, бирөөндө гана утулуп калганы маалым.

Ал эми россиялык атаандашы 20 кармаштын 15инде жеңүүчү аталган.

ACA — Ахматтын абсолюттук чемпионаты уюму дүйнө жүзүндөгү промоушендердин ичинде экинчи орунда турары Мma-oracle сайтында жазылган. Мындай рейтингге жетиши мурдагы эки уюмдун бир компанияга бириктирилишине байланыштуу. Биринчи сапта адаттагыдай эле UFC орун алган.