Жети элдин тилин бил. Тил үйрөнгөн адамдын артыкчылыгы жана ийгилиги

“Канча тил билсең – ошончо адамсың” деген кеп бар. Тил аркылуу биз бир элдин сүйлөгөнүн эле эмес, дүйнө таанымын, руханий дөөлөттөрүн, көөнөрбөс баалуулугун кошо үйрөнөбүз дейт колумнист Нуржигит Кадырбеков.
Sputnik

Тил билген адам эл жеткен ийгиликке ортоктош болуп, акыл жана рух казынасынын алтын ачкычын колго алат. Ошондон шыбага жана үлүш алууга мүмкүнчүлүк жаралат. Тилин өздөштүрүү менен ар бир калктын дилине сүңгүп кирип, алар тууралуу сырттан байкоо салганда көзгө урунбаган акыйкатты көрөбүз. Айтор элди, улутту таанып, түшүнүп, аңдоо үчүн анын тилин билүү аба менен суудай керек.

Кайдан келгениңди унутпасаң кайда баратканыңды унутпайсың. Моюндагы аманат
Ошон үчүн улуулардан “жети элдин тилин бил” деген накыл калыптыр. Бабаларыбыз бул насаатты тек гана айтып койбостон, жашап көрсөтүшүптүр. Кайсыл заман, кайсыл доор болбосун, элибиздин сөз баккан, илим-билимге кызыккан, кат тааныган, кыл калем кармаган акылдуулары бир эмес бир нече тилди өздөштүргөнүн тарых тастыктайт. Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари, Сарахси, Оши сыяктуу аалым бабаларыбыз эне тилибизден бөлөк жок эле дегенде фарсы жана араб тилдерин ийне-жибине чейин өздөштүрүшкөн. Кечээги эле Токтогул, Тоголок Молдо, Молдо Нияз, Жеңижок, Молдо Кылыч, Абдираим сыяктуу залкар акындар жана калемгерлер өзбек, казак, тажик тилдерин мыкты билишкени айтылат. Андан берки Касым Тыныстанов, Жусуп Абдырахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Исхак Раззаков сыяктуу мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин бүтүндөй плеядасы болсо орус тилин терең үйрөнүшүп, ошол аркылуу дүйнөлүк илим-билимдин агымына аралашыптыр. Азыркы жаштардын арасында орус, англис, кытай, француз, алман, түрк, араб, фарсы, корей, жапон тилдерин жер жаңгактай жеңил чаккан көп тилдүүлөр көбөйүп барат. Бул өтө жакшы көрүнүш. Эне тилибиз, албетте, уюткулуу улутубуздун улуу уңгусу, акыл, маданият, билим көрөңгөбүздүн тарам-тарам тамыры, байманалуу пайдубалы, берекелүү башаты. Бирок биз үчүн дүйнөгө ар тараптан эшик-терезе ачкан дүйнөлүк тилдер, ар кандай элдер, мамлекеттер жана маданияттар менен байланыштырган алтын көпүрөнүн милдетин аткарууда жана аткара бермекчи.

Жеке өзүм да бир нече тилди үйрөндүм. Тил үйрөнгөнгө чейинки балалыгымда эне тилимди гана жетик билүү бир өмүрдүн ысык-суугу, оош-кыйышы, оомат-ийгилиги үчүн жетиштүү деп боолгочумун. Жогорку окуу жайда орус тайпасында окуп калып, кыргыз тайпасына которулууга айла-амал таппай кыйналгам. Көрсө, орусча окуп калганым тагдырыма буюрган Жараткандын өтө чоң белеги болгон экен. Тилди өздөштүргөн сайын анын даамы дагы да даана жана таттуу сезиле берди. Бара-бара кесибими терең үйрөнүүгө жана адам катары өсүшүмө себеп болгон китептерди биринин артынан бирин окуй баштадым. Пушкиндин, Толстойдун, Достоевскийдин, Есениндин, Тургеневдин түп нускасын окугандагы туйган жан дүйнө ырахатын сүрөттөө кыйын.

Англис тилин да кыргызча билбеген орус мугалимден үйрөндүм. Ал мезгилде түз эле кыргыз тилинен окуп өздөштүрүү үчүн даярдалган окуу-методикалык эмгектер жокко эсе болчу. Япон тилин болсо англис тили аркылуу акылыма сиңирдим.

Араб тили менен орус тилинин структурасы, грамматикасы оголе окшош. Араб тили менен жеңил-желпи таанышып кетишимдин башкы себептеринин бири ушул.

Ошентип ар бир тил өмүрүмдөгү орчундуу максаттарга алып барган чыйыр жол сыяктуу ак кызматын өтөп берди жана өтөп жатат. Теребелге, дүйнөгө бир тараптагы бир эле терезеден эмес, чоң-кичине, түркүн-түрдүү терезеден саресеп салган керемет болорун жон терим менен сездим. Ошон үчүн ушул күндөрү да жаңы тилдерди өздөштүрүү менен алпурушуп жүрөм.

Адамдан эс алган табият. Карантин кыялды чындыкка айландырганда
Тил, бирок ишенимсиз дос. Бир аз көңүл бөлбөй койсоң таштай качат. Ошон үчүн аны унутта калтырбай, ар дайым пайдаланып, колдон келсе өнүктүрүп-өстүрүп, байытып отуруу керек. Бир тилдин зыяны башка тилге тийбегендей болсун. Чет өлкөлөрдүн биринде мурдагы СССРден көчүп кеткен Табакиндердин үй-бүлөсү менен таанышып калгам. Алардын кичүү кызы жергиликтүү тилди өздөштүрүүгө баш-оту менен киришип кетип, орус тилин унута баштаган экен. Ошондо ага апасы “кызым, жок болсо мейли эле. Колуңда турган бар улуу байлыгыңды жоготуп жатканың кандай? Канча адам жетпей жүргөн, жетем, үйрөнөм, билем деп умтулган эң сонун тилди унута баштаганың өтө чоң чекилик" дегендей кейип кеңеш айтып жатканын уккам. Эң туура ой. Ошондуктан жаңы тил менен алек болуп жатып, жаттаган тилиңди кароосуз калтыра көрбө. Барды сактай жана таптай билүүнүн өзү акылдуулук. Жылдап тер төгүп мээнет кылып үйрөнгөн тилиңди эс тутумдан өчүрүп алуу — узак убакытта кыйналып курган мунараны ураткандай эле кесирлик.

Эне тилибизди аздектейли, асырайлы, даңазалайлы. Башка тилди, балким, бир-эки жылда мыкты үйрөнсөң болот, бирок эне тилди өмүр бою өздөштүрөсүң. Чет өлкөгө кетип, ошол жакта отурукташып калгандардын бала-бакырасын айыптоо кыйын, бирок өз мекениңде жүрүп өз эне тилиңде чала-чарпыт сүйлөсөң, бул өз тамырыңа жана маданиятыңа кылган улуу кыянаттык.