Ошко Новосибирскиден 204 кыргызстандык кайтып келди

Бүгүн Москва шаарынан да 460 мекендеш келген. Шарт-талапка ылайык, алардын баары  обсервация жайларына жайгаштырылганы айтылган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бүгүн, 7-июнь күнү, "Сибирь" авиакомпаниясынын "Новосибирск — Ош" каттамы боюнча учкан 204 кыргызстандык жаран Ошко конду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматта Кыргызстанга илдети бар бейтаптар, жашы өтүп калгандар, боюнда бар жана жаш балалуу аялдар, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылгандар келгени айтылат.

"Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Сибирь, Ыраакы Чыгыш жана Россиянын түндүк аймактарында жашап, мекенге кайтууну каалагандардын арызынын негизинде диаспора өкүлдөрү менен биргеликте түзүлгөн. Кыргызстанга учуп келгендердин арасында Алтай крайында, Новосибирск, Омск, Кемерово жана Томск облустарында административдик тартип бузуп, убактылуу кармоочу жайда турган 16 киши бар. Кайтып келгендердин баары обсервацияга жайгаштырылат", — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик сыртта жүргөн мекендештерди кайтаруу боюнча иш-аракеттер улантыларын белгиледи.