Кытай коронавируска каршы вакцинаны жалпыга жеткиликтүү болгудай кылып жасап жатат

Ван Чжигандын айтымында, азыркы учурда Кытайда вакцинанын беш түрү иштелип чыгып жатат. Алардын айрымдары текшерүүдөн өтө баштады.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кытай бийлиги коронавируска каршы вакцина иштелип чыкканын, клиникалык текшерүүдөн өткөндөн кийин аны дүйнө элине жеткиликтүү болгудай кылып даярдоону пландап жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости өлкөнүн илим жана техника министри Ван Чжигандын айтымына таянып кабарлады.

Россияда коронавируска каршы вакцина кийинки жумада чыгып, акысыз берилет
Министр Кытайдын башчысы Си Цзиньпин Саламаттык сактоонун бүткүл дүйнөлүк ассамблеясынын 73-сессиясында айткан бардык милдеттер аткарыла турганын билдирди.

Ван Чжигандын айтымында, азыркы учурда Кытайда вакцинанын беш түрү иштелип чыгып жатат. Алардын айрымдары текшерүүдөн өтө баштады. Бул жумушту аткарууда басым коопсуздукка, натыйжалуулукка жана жеткиликтүү болууга жасалып жатат.

"Эпидемияга бир гана вакцина иштеп чыгып каршы тура алабыз. Муну убакыт көрсөтүп жатат. Аларды жасап чыгарууда жана андан кийинки кадамдарда дүйнөдөгү мамлекеттер кызматташтыкты тездетиши керек", — деген министр.

Коронавирус тууралуу

2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган.