БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бүгүн өлкө аймагында 33 кишиден коронавирус аныкталганын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын тогузу Бишкекте, үчөө Чүйдө, сегизи Нарын облусунда, тогузу Ош шаарында экени айтылды. Мындан тышкары, Ош облусунда үч кишиден, Жалал-Абад облусунда бир кишиден чыккан.
"Жаңыдан жуктуруп алгандардын алтоо медицина кызматкерлери. Ушу тапта стационарда 560 бейтап дарыланууда, алардын ичинен экөө реанимацияда. Ооруканадан 1425 киши чыгарылды", — деди Үсөнбаев.
Ушуну менен коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 2007 болду.