Жаанчыл болот! Алдыдагы жумага карата аба ырайы

Синоптиктердин айтымында, алдыдагы аптада Кыргызстандын аймагында аба ырайы тез-тез өзгөрүп турат.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумага карата аба ырайынын божомолун маалымдады.

Анда 11-июнга чейин Кыргызстандын аймагында аба ырайы тез-тез өзгөрүлүп турары айтылган. Мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн.

Беш күн катары менен жамгыр жаайт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
7-июнда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, 8-9-июнда республиканын кээ бир аймактарында катуу жаан жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы төмөндөйт.

Синоптиктер мындай өзгөрмөлүү аба ырайы автоунаалардын каттамын, айыл чарба, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатарын эскертет.

Ошондой эле тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн экендиги айтылды.