БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бала бакчада иштеген үч кызматкерден коронавирус табылганын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Модератор бала бакчада эмгектенгендердин арасында оору аныкталгандыгы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирип, чын-бышыгын сураган.
"Бала бакчалар ишин жандантат дегенден бери андагы иштегендер тест тапшыра турганы айтылганын билесиздер. Массалык скрининг жүргүзүүнүн натыйжасында үч адамдан табылды. Бул бала бакчада иштейм деген кишинин бардыгынан ПЦР-тест алыш керек дегенди түшүндүрөт. Алардын анализдери терс жыйынтыкты көрсөткөндө гана жумушун уланта алышат. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат. Биз көзөмөлгө алдык", — деди Үсөнбаев.
Эске салсак, Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү мекемелерине 5-июндан тарта иштей берүүгө уруксат берилген. Бирок мамлекеттик жана менчик бала бакчалардын тарбиячылары толугу менен COVID-19 вирусуна анализ тапшырышы шарт эле.
Билим берүү жана илим министрлиги балдар бала бакчага бара электигин, учурда аларды алуу даярдыгы жүрүп жатканын билдирген. Тагыраагы, тарбиячылар коронавируска тест тапшырып, санитардык-дезинфекциялык иштерди жүргүзүп, колдонмолор менен таанышып жатышат.