Күзөтчүнүн будкасын талкалай сүзгөн айдоочу кантип кармалганы айтылды

Күзөтчүнүн будкасын талкалап, инспекторлордон качкан айдоочу 30 жаштагы киши экени айтылды. Текшерүү учурунда анын мас экени аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бишкекте күзөтчү отурган жайды жолтандабасы менен талкалай сүзгөн айдоочунун машинасынан эки огу менен газ тапанча табылган. Бул тууралуу Чүй облустук ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, кечээ, 6-июнда, Бишкекте жаалданган айдоочу күзөтчү отурган жайды жолтандабасы менен сүзүп талкалап, андан кийин ага кол көтөргөн. Көп өтпөй соцтармакта ошол эле айдоочу ЖКККББ кызматкерлеринен качып бараткан кинодогудай видео тараган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Короче KG (@koroche_kg)

ЖКККББнын маалыматына ылайык, 6-июнда болжол менен саат 18:30дарда Бишкек — Торугарт автотрассасында (айланма жол) Кайгуул кызматы ылдамдыгын жогорулатып айдаган Toyota Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү автоунааны токтотууга аракет кылган.

Бирок айдоочу токтобогондуктан, милиция артынан кууган. Инспекторлор бул ишке Кемин районундагы кесиптештерин да көмөктөшүүгө чакырган.

"Милиция кызматкерлери үн күчөткүч менен айдоочуга автоунаасын токтотуусун эскерткен. Бирок айдоочу токтогон эмес. Мындан улам укук коргоочулар асманга ок чыгарышкан. Алгач эскертүү иретинде асманга ок чыгарып, андан кийин жолтанбастын арткы дөңгөлөгүнө атышкан. Натыйжада айдоочу Кеминдин Дорожное айылынын тушунан колго түшүрүлгөн", — деп айтылат маалыматта.
Күзөтчүнүн будкасын талкалай сүзгөн айдоочу кантип кармалганы айтылды

Күзөтчүнүн будкасын талкалап, инспекторлордон качкан айдоочу 30 жаштагы киши экени белгилүү болду. Анын мас экени аныкталып, автоунаасын текшерүү учурунда эки огу менен газ тапанча жана бычак табылганы айтылды.

Автоунаа айып короого токтотулуп, Кемин райондук жана Бишкектин Биринчи Май районундагы Ички иштер башкармалыгында сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.