Салыкчылар аймактагы бизнес менен элдеги мүлктүн эсеп-чотун алууга киришти

Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн качкан мүлк ээлерине карата административдик чара көрүлөрү эскертилип жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Аймактык салык органдары жакынкы эки жуманын ичинде салык төлөөчүлөргө инвентаризация жүргүзөт. Бул туурасында Салык кызматы билдирди.

Аталган кызматтын төрагасы Кабыл Абдалиев жер-жерлердеги салык органдары салыктын суммасын так эсептөө үчүн зарыл болгон мүлктүн аянтын, коюм жана коэффициенттерди конкреттүү түрдө көрсөтүү менен салык төлөөчүлөргө инвентаризация жүргүзүүгө тапшырма бергени айтылат.

Сазыков: автоматташтырылган система орнотпогон май куюучу жайлар жабылат
Буга турак жайлар, батирлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, санаторийлер, курорттор, өндүрүштүк, администрациялык, өнөр жай жана башка ишкердикке багытталган имараттар жана курулмалар, анын ичинде металл жана башка конструкциялардан жасалган убактылуу жайлар кирет. Ошондой эле жер үлүшү, анын ичинде айыл чарба жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер, бак чарба, короо-жай участоктору бар.

"Мында инвентаризация Мамлекеттик каттоо кызматы жана "Кадастр" мамлекеттик мекемеси менен тыгыз байланышта жүргүзүлүүгө тийиш. Салык кызматкерлери инвентаризациялоонун жүрүшүндө мүлк ээси алмашкандыгы же параметрлеринин өзгөргөндүгү боюнча маалыматтарды да жаңылайт", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн качкан мүлк ээлерине карата административдик чара көрүлөрү эскертилип жатат.