Флойд толкуну: Канаданын премьери Жастин Трюдо да тизелеген видео

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Оттавада нааразылык акциясына чыккандардын маркум Жорж Флойдду тизелеп туруп эскерүү талабын аткарды.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Ал видео RT телеканалынын Телеграм-каналына жарыяланды. 

Мен — Жорж Флойдмун. АКШдагы акциялар дүйнөгө жайылды. Видео
Флойддун өлүмүнөн кийин чыккан толкундоо Канадага да жеткен. Оттавада парламенттин имаратынын алдына демонстранттар чыккан. Мурда полиция кызматкерлери тизелеген сыяктуу эле өкмөт башчы да алардын айтканын аткаргандан кийин жүрүшүн андан ары улашкан. Чогулгандар "Black lives matter!" деп кыйкырганда Трюдо башын ийкеген.

Жорж Флойд майдын аягында Миннеаполисте полиция кармап, күч колдонгондон кийин көз жумган. Анын өлүмү элдин жаалын кайнатып, АКШ эле эмес башка жерлерде да нааразылык толкундарын жаратты. Ал эми Американын бир топ шаарларында башаламандык жаралып, талап-тоноо күч алган.