Дастан Жумабеков көк бөрүчү Кушчубай Илис уулуна автоунаа белек кылды. Видео

Спикер 2019-жылдагы мыкты көк бөрүчүлөрдүн бирине Volkswagen Vento үлгүсүндөгү автоунаа тартуулаган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков "Ынтымак" командасынын улакчысы Кушчубай Илис уулуна автоунаа белек кылды. Бул тууралуу спикер Instagram баракчасына жарыялады.

Анда төрага 2019-жылдагы мыкты көк бөрүчүлөрдүн бири Илис уулуна Volkswagen Vento үлгүсүндөгү автоунаа тартуулаганы айтылат.

"Төрага Дастан Жумабеков эл аралык класстагы спорт чебери, жаш улакчыга ийгиликтерди жана жаңы жеңиштерди каалады", — деп жазылган.

Автокөлүктүн ачкычын Бишкекте, Жогорку Кеңештин имаратынын жанында тапшырганын көрүүгө болот.