Бишкек: будканы талкалай сүзүп, күзөтчү менен мушташкан айдоочу кармалды. Сүрөт

Күзөтчүнүн айтымында, ал киши будканы үч ирет жолтандабасы менен сүзүп, ошол жердеги кызматкер менен урушкан соң жок болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бишкектин борборунда күзөтчү отурган жайды талкалай сүзгөн айдоочу кармалды. Бул туурасында Sputnik агенттигине Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынан кабарлашты. 

Бишкек: будканы талкалай сүзүп, күзөтчү менен мушташкан айдоочу кармалды. Сүрөт

Мас болуп алып руль башкарып жүргөн 30 жаштагы жаранды Токмоктон кармашкан.

"Милиционердин токтотууга кылган бир нече аракетине баш ийген эмес. Аны кармашкандан кийин автоунаасы менен өзүн тергөөчүгө өткөрүп беришкен. Болжол менен саат 19:50лөрдө кармашты", — деп айтышты маалымат кызматынан.

Алардын алдын ала берген маалыматына караганда, мас киши күзөтчү отурган жайды болжол менен саат 17:20ларда талкалай сүзгөн. Окуя Тоголок Молдо көчөсүнүн түндүктү көздөй кеткен бөлүгүндө, тагыраагы, Токтогул менен Киев көчөлөрүнүн ортосунда болгон.

Күзөтчүнүн айтымында, будканы үч ирет жолтандабас менен сүзүп, андан кийин ошол жердеги кызматкер менен урушкан соң жок болгон.