БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Жазы-Кечүү айылына бүгүн биринчи ирет жолу электр мамычасы орнотулду. Бул тууралуу "Жалал-Абад электр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
1960-жылы уюштурулган Жазы-Кечүү айылында жергиликтүү жашоочулар электр жарыгы жок жашап келген.
"Жалал-Абад электр" ишканасы Сузак районунун Кыз-Көл айылы тараптан Жазы-Кечүү айылына 18 чакырым аралыктан аба чубалгыларын тартуу иштерин баштады. 25 миллион сомдук долбоор аталган мекеменин өз каражатынын эсебинен жүргүзүп жатат", — деп айтылган маалыматта.
Аталган ишканадан электр мамычаларды орнотуу жана башка иштер август айынын соңунда аяктап, 1-сентябрда айылга жарык берилип каларын билдиришти.
Жазы-Кечүү айылы Базар-Коргон районунун борборунан 110 чакырым алыста жайгашкан. Айылда 140 түтүн, тагыраагы, 600дөй адам жашайт. 100 орундуу мектеп жана ФАП бар.
Кышында кар калың жаап, кыш алты айга созулат. Эң алыскы тоолуу аймакта жайгашкан Жазы-Кечүү айылында 1960-жылдардан бери электр жарыгы жок.