Швецияны АКШдагы нааразылыктын толкуну каптады

Афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийинки жаалданган толкун Швецияга чейин жетти. Жүздөгөн кишилер Мальма шаарында демонстрацияга катышты.
Sputnik

АКШ: полиция кызматкерлери нааразылыкка чыккандардын алдында тизелеген видео
Аларды коронавирустан улам коюлган чектөөлөр, тыюу салуулар токтото алган жок. Көптөрдүн колунда кара түстүүлөргө карата адилетсиз мамилени жана расага бөлүүнү айыптаган плакаттар болду.

Жергиликтүү полиция чогулгандарды кууп таратууга аргасыз болгону айтылат.

Жорж Флойд майдын аягында Миннеаполисте полиция кармап, күч колдонгондон кийин көз жумган. Анын өлүмү элдин жаалын кайнатып, АКШ эле эмес башка жерлерде да нааразылык толкундарын жаратты. Улуу Британиядан, Франциядан, Грециядан жана Испаниядан да тилектештик билдирип жатышты.