Аэропорт, ЖОЖ курат. Өзбекстан чек арадагы Сох районун гүлдөтүүгө киришти

Өлкө бийлиги бул регионду өнүктүрүүгө 1 триллион сум бөлүүнү көздөп жатканы айтылат. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖОЖдордо 500 орун дайындалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Өзбекстан Сох районуна аэропорт, оорукана жана окуу жайларды куруп, эскилерин оңдоону көздөп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов аталган районго барганда элге айтканын Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

"Сох райондук администрациясы жакында 101 миллиард сумга бардыгы болуп 73 долбоорду ишке ашырганы жатат. Жыйынтыгында 4,5 миң жумуш орду ачылат. Аймакта иштебей калган аэропортту кайра баштан реконструкциялоо, ооруканаларды, окуу жайларды, цемент чыгаруучу завод, эс алуу жайларын куруу пландалды", — деп айтылат кабарда.

Өлкө жетекчилиги район жаштарына билим берүүнү күчөтүү маселесин колго алганы айтылат. Мисалы, Сох районундагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө өлкөдөгү ЖОЖдордо 500 орун даярдалат.

Кыргыз тарап Өзбекстандын премьеринен кечирим сурадыбы? Бороновдун жообу
Мындан тышкары бул райондо бир топ жылдан бери чечилбей келген таза суу жана сугат суусу боюнча маселени чечүү тапшырмасы коюлду. Жергиликтүү бийлик эки ай ичинде Симодон, Касминон, Хушёр, Малбуд жана Варган аймактарына тик скважина орнотуп берүүнү убадалады.

Негизинен өлкө бийлиги бул регионду өнүктүрүүгө 1 триллион сум бөлүүнү көздөп жатканы айтылат.

Эске салсак, 31-майда Кадамжай районунун Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Андан 25 киши жаракат алып, төрт адам ооруканага түшкөн. Эртеси биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов "Чечме" өткөрмө пунктунда Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолуккан.

Сох району — Кыргызстандын ичиндеги Өзбекстанга караштуу анклав. Чек ара көйгөйүнөн улам Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш айылдарында маал-маалы менен чыр-чатак чыгып турат.