Лейлекте Калашников автоматын талаага жашырып койгон киши кармалды. Сүрөт

Талаада катылган куралдын ичинде алты ок болгон. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Баткендин Лейлек районунда Калашников үлгүсүндөгү автоматты сактап жүргөн киши кармалганын облустук Ички ичтер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Бишкекте милиция бөлүмүнөн камактагы шектүү качып кетти
Ага ылайык, Лейлек РИИБдин ыкчам кызматкерлери иликтөө иштеринин натыйжасында Исфана шаарынын 42 жаштагы тургуну Саркент талаасына сайлуу "АК-74М" Калашников үлгүсүндөгү октолуу куралды жашырып койгонун аныкташкан. Ичинде 5,45мм калибриндеги алты даана ок болгон.

Бул факт Лейлек РИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 253-беренеси ("Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз алып жүрүү") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат. Кармалган киши убактылуу кармоо жайына киргизилген.