Кызынан жуккан. Министрлик COVID-19дан көз жумган аялдар боюнча маалымат берди

Каза болгондордун биринде кант диабети, жүрөк оорусу сыяктуу өнөкөт илдеттери болсо, экинчиси ак кан дартына чалдыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда акыркы суткада коронавирус жуктуруп каза болгон эки аял вируска кандай чалдыкканы жана алардын кандай илдеттери болгонун айтып берди.

Өткөн суткада коронавирус жуктуруп алгандардын арасында Бишкек шаарында бир жана Ош облусунда бир аялдын каза болгону айтылды

“Бишкек шаарынын 82 жаштагы тургуну вирусту кызынан жуктуруп алганы 30-май күнү аныкталган. Кызы "Автомаш-Радиатор” заводунда иштеп, илдетке чалдыккан экен. Маркумдун кант диабети, жүрөк оорусу жана кан басымы жогору болгондуктан вирусту көтөрө албай калды”, — деди Үсөнбаев.

Ал эми экинчи бейтап ооруган адамдар менен байланышта болгон. Өзүнүн мурдагы ак кан илдетин вирус күчөтүп жиберген.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус аныкталып каза болгондордун саны 22 кишиге жетти.