Кыргызстанда коронавирустан эки аял каза болду

Каза болгондордун бири Бишкек шаарынын тургуну болсо, экинчиси Ош облусунан. Экөө тең ооругандар менен байланышта болуп вирус жугузуп алган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус жуктуруп алган эки киши каза болду. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Биринчиси Бишкек шаарынын 82 жаштагы тургуну. Анын кан басымы жогору жана кант диабети болгон.

Экинчи учуру Ош шаарында, 34 жаштагы келин реанимацияда жатып көз жумду.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус аныкталып каза болгондордун саны Кыргызстан боюнча 22 кишиге жетти.