Сак болгула! Кан басымы жогоруларга COVID-19 өзгөчө кооптуу

Медиктер гипертония менен жабыркаган адамдар коронавирус жуктуруп алган күндө дагы кан басымын турукташтырып турган дарыларды таштап койбошу керек деп эсептейт.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кан басымы жогору адамдарда COVID-19 илдетинен өлүп калуу коркунучу башкаларга салыштырмалуу эки эсе жогору. Бул тууралуу медициналык European Health Journal журналына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Мындай бүтүмгө келүү үчүн окумуштуулар 2020-жылдын 5-февралынан 15-мартына чейин Кытайдын Ухань шаарындагы госпиталдардын бирине түшкөн 2877 бейтапты иликтеп көрүшкөн. Алардын ичинен 850 адамдын мурдатан эле кан басымы туруктуу эмес экени аныкталган. Жыйынтыгында кан басымы жогору адамдардын ичинен 34 киши каза болгон. Ал эми гипертония илдетинен оолак 2027 кшинин ичинен 22 гана бейтап көз жумган.

"Дарыгерлер иликтеп көргөндө кан басымы жогору адамдар коронавирус жуктуруп алып ооруканага түшкөндө мурда ичип жүргөн дары-дармектерин таштап койгону белгилүү болгон. Ошол маалда кан басымы жогорулап кетип, организм вируска туруштук бере албайт калат", — деп айтылат макалада.

Андыктан бул топко кирген адамдар коронавирус жуктуруп алган күндө дагы кан басымын турукташтырып турган дарыларды таштап койбошу керектиги кошумчаланды.

COVID-19: эпидемиолог коргонуу боюнча негизги төрт кеңешти айтты
Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алып каза тапкандар тууралуу маалыматтарда кан басымынын жогорулугу тууралуу көп айтылат. Мисалы, 2-июнь күнү каза болгон Кара-Кулжа райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун фтизиатры Альберт Исмаиловдун башка өнөкөт ооруларынан тышкары кан басымы жогору экени белгилүү болгон.

Акыркы суткада каза тапкан эки аялдын бирөө дагы гипертония илдети менен жабыркап жүргөнү айтылды.