БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Ханзаада Уильям иниси Гарри менен жубайы Меган Марклды Улуу Британияга кайтууга чакырды. Бул тууралуу падыша үй-бүлөсүнө жакын адамдардын айтымына таянып Daily Express басылмасы жазды.
Билдирмеге ылайык, падышалык үй-бүлө АКШдагы башаламандыктан улам Гарри менен Меган Марклдын коопсуздугуна тынчсызданууда. Эске салсак, 29-майдан тартып АКШда афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу каршылык акциялар башталган.
Маалым болгондой, ханзаада Гарри менен Меган Маркл каржы жагынан кыйналып жатышат. Себеби алар падышалык укуктардан ажыратылгандан кийин жетиштүү айлык акы төлөп берген, татыктуу жумуш таба алышкан эмес. Анын үстүнө кырдаалга коронавирус пандемиясы да таасир эткен.
Басылмага өздүк булактар билдиргендей, ханзаада Уильям кичүү инисине мурдагы жетиштүү, коопсуз жашоосуна келүү үчүн үйгө кайтууга чакырган.
Жубайлар Лос-Анжелес шаарына Канададан март айынын соңунда көчүп кетишкен. Алар падышалык укуктардын баарынан баш тартышкан.