БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Дүйнө коронавирус менен күрөшүү маалында балдарды пландык түрдө эмдөөлөрдү токтотуп койду. Мунун айынан жакынкы келечекте кичинекейлер чоң коркунучка кептелээрин адистердин пикирине таянып ВВС жазды.
Тагыраагы, БУУнун балдар фонду, Альберт Сабин атындагы америкалык вакцина институту, Вакцина жана иммунизация боюнча дүйнөлүк альянс 68 өлкөдө эмдөөлөрдүн убактылуу токтотулушуна тынчсызданып жатат.
“Кеминде 80 миллиондой бөбөк учурунда эмдөөдөн өтпөй жатат. Алардын 34,8 миллиону Түштүк-Чыгыш Азияда, 30 миллионго чукулу Африкада жашайт. Азыр балдар менен ата-энеси эмдөө үчүн бейтапканага барып, коронавирус жуктуруп алышы мүмкүн деп коркуп атабыз. Бирок келечекте ошол балдар кызамык, дифтерия, холера илдеттерине массалык түрдө кабылса кесепети андан кооптуу болот”, — деди ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Генриетта Фор.
Жон Хопкинс университетинин маалыматына караганда, балдар арасында өлүм көбөйүп, чарчап калган бөбөктөрдүн саны мурдагыга салыштырмалуу күн сайын 6 миң учурга көбөйдү.
“Непал менен Камбоджада кичинекейлер арасында кызамык күч алса, Эфиопияда холера көбөйүүдө. Бул илдеттер массалык түрдө жайылып кетип, көп балдарды жоготуп албайбызбы деп коркобуз”, — деди ДССУнун Вакцина жана иммунизация департаментинин жетекчиси Кейт О'Брайен.
Мындан тышкары адистер Африка өлкөлөрүндө бөбөктөрдүн полиомиелит дарты пайда боло баштаганын кошумчалашты. Бул илдет наристени буттан алып, баспай калышын шарттайт.