Чек ара кызматы интернетте тараган чуулуу видео боюнча түшүндүрмө берди

Мамлекеттик чек ара кызматы коомчулукка жалган кабар тарап кетпеши үчүн бардык маалыматты расмий такталгандан кийин гана берүүнү өтүнөт.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кыргызстандын бардык чек ара аймактарында абал тынч. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, бүгүн интернеттин кыргыз сегментинде чек арада кайрадан чатак чыкты делип, массалык башаламандык болуп жаткан видео тараган.

"Социалдык тармактарда жана айрым ЖМКларда чек арада чыр чыгып, кагышуулар болду деген маалымат чындыкка туура келбейт. Видео кыргыз-өзбек чек арасында 2020-жылдын 31-майында тартылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Жагдай оор. Асрандиев кыргыз-казак чек арасындагы тыгындын себебин айтты
Мамлекеттик чек ара кызматы коомчулукка жалган кабар тарап кетпеши үчүн бардык маалыматты расмий такталгандан кийин гана берүүнү өтүнөт.

Баса, бул видео тартылган 31-майда Кадамжай районунун Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Андан 25 киши жаракат алып, төрт адам ооруканага жаткырылган.