Телефон тыңшоодо экенин кантип билүүгө болот. Адистин кеңеши

Тыңшоочу аппараттын түрлөрү көп, алар легалдуу жана легалдуу эмес деп бөлүнөт. Бирок муну тактоо оңой эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Телефонго ээси орнотпосо да кошумча программалык камсыздоонун кирип калганы аппараттын тыңшоодо экендигинен кабар берет. Бул тууралуу TelecomDaily маалымат-аналитикалык агенттигинин башчысы Денис Кусковдун айтканына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Каныңыздын тобу кайсы? Коронавируска көп туруштук бере албачулар айтылды
Маалыматка ылайык, уюлдук аппараттын өзүнөн өзү өчүп-күйүп, колдонулбаса деле кубаттуулугу түгөнө бергенинде да мандем бар.

Кусковдун айтымында, тыңшоочу аппараттын түрлөрү көп, аларды легалдуу жана легалдуу эмес деп бөлүүгө болот. Бирок муну билүү оңой иш эмес, ал үчүн кымбат аппарат керектелет.

Ошондой эле смартфондун кубаттуулугу бат эле түгөнүп калса, демек кайсы бир программа фондук режимде иштеп жатат. Муну дагы тактап алуу керек.