Жээнбеков облус жана шаар жетекчилери менен онлайн-жыйын курууда

Аймактык жетекчилер санариптик трансформация жана коронавирусту жайылтпоо боюнча көрүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берет.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июнда, облус жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен видеоконференция форматында жыйын өткөрүп жатат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

ЖКга келүү да оңой нерсе эмес. Спикер Жумабеков депутаттарды куттуктады
Анын айтымында, онлайн-жыйында өлкөнү санариптештирүү, аймактарды өнүктүрүү жана коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча чаралар талкууланат.

Конференцияда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоевдин коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында алдыңкы санарип технологиялардын ролу менен мүмкүнчүлүктөрү, ал эми билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков аралыктан окутуу формасынын келечеги жана кемчиликтери жөнүндө презентация өткөрмөкчү.

Аймактык жетекчилер, шаар мэрлери санариптик трансформация мамлекеттик саясатынын алкагында жана коронавирусту жайылтпоо боюнча көрүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришет.