Энергетиктерге рахмат, жарык үчүн төлөдүм! Ырчылардын ыраазычылыгы видеодо

Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясы боюнча кырдаалга карабай Кыргызстанда бардык мамлекеттик мекемелер ишин так аткарганга аракет кылып жатышат. Алардын арасында энергетиктер да бар.
Sputnik

Бел ашып, кар кечип жарык жандыргандар. Асманда иштеген энергетиктердин видеосу
Эске салсак, пандемия көйгөйүнөн улам өкмөт буга чейин электр жарыгына болгон төлөмдөрдү төгүү мөөнөтүн бир нече айга узарткан. Жеңилдик берген мөөнөт бүтүп, эми төлөгөнгө мезгил келди. Себеби абоненттерден чогулган акча күз, кыш камылгасын көрүүдөгү негизги каражат булагы.

Элди күнү-түнү үзгүлтүксүз жарык менен камсыз кылгандыгы үчүн энергетика тармагынын адистерине ыраазылык айтып, дегеле колдонулган электр кубаты үчүн төлөөнү эскертип, кыргыз шоу-бизнесинин өкүлдөрү чакан видео кайрылуу жасашты.

Видео  "Чыгыш электр" ишканасынын YouTube тармагындагы баракчасына да жарыяланган.