Кыргыз тарап Өзбекстандын премьеринен кечирим сурадыбы? Бороновдун жообу

Боронов депутаттарга алгач сүйлөшүүлөр боюнча кыскача маалымат берип, андан аркы суроо-жооптор жабык эшик артында каралмай болду.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты жаңжалды басуу, кайрадан мурунку тынч жашоого алып келүү болгон. Бардык маселе ошол эле күнү чечилген. Бул туурасында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов парламенттин жыйынында билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ парламентте депутат Закир Шарапов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов эл менен жолугушууда "кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү постту ачпаганы үчүн кечирим сурады" деп айтканын билдирген.

"Жолугушууда былтыр кыргыз тарап Риштандагы "Кайтпас" постун ачабыз деп, кайра ачпай калганы боюнча өзбек премьер-министри өзүнүн пикирин айтты. Ошондой маселе жаралганы үчүн биз кечирим суроо эмес, дипломаттык негизде өкүнүч билдиргенбиз. Посттун ачылбай калганынын негизги себеби кээ бир чиновниктердин ЕАЭБдин талаптарын эске албай, шашылыш чечим кабыл алганы экенин түшүндүрдүк. Өзбек премьер-министри жакын арада "Кайтпас" постун ачабыз" дегени, менин түшүнүгүм боюнча, биз ЕАЭБге мүчөлүккө кирүүгө табыштама бердик, кошулгандан кийин посттор ачылат десе керек. Бул тууралуу жолугушууда дагы айткан", — деди Боронов.

Жээнбеков менен Мирзиёев чек ара көйгөйүн талкуулашты
Боронов депутаттарга алгач сүйлөшүүлөр боюнча кыскача маалымат берип, андан аркы суроо-жооптор жабык эшик артында каралмай болду.

Эске салсак, 31-майда Кадамжай районунун Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Андан 25 киши жаракат алып, ооруканада жаткан төрт адамдын экөөсүнүн абалы оор экени айтылган.

Анын эртеси биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов "Чечме" өткөрмө пунктунда Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолуккан.