Бишкекте милиция бөлүмүнөн камактагы шектүү качып кетти

Шектүү катары кармалып турган адамдын качып кетүүсүнө жол берген кызматкерлердин аракети боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кечээ Бишкектин Ленин райондук №2 милиция бөлүмүндө кармалып турган 50 жаштагы Бакыт Турдубаев аттуу камактагы шектүү жаран качып кетти. Бул тууралуу аталган райондун ИИБинен билдиришти.

Учурда аны издөө иштери жүрүп жатат. Милиция анын кайда экенин билгендер болсо 0(312) 352-605, 0(312) 444-457, 0(700) 425-344 жана 102 номерлерине кабарлап коюуну суранды.

Бишкекте милиция бөлүмүнөн камактагы шектүү качып кетти

Шектүүнүн белгилери:

Кара түстөгү көйнөк, шым жана бут кийим кийип жүргөн. Бою — 165-170 сантиметр, салмагы — 65-70 килограмм. Кара тору, арык жана чачтары тармал.

Шектүү катары кармалып турган адамдын качып кетүүсүнө жол берген кызматкерлердин аракети боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат.