Бала бакча кызматкерлери COVID вирусуна анализ тапшырат

Бишкекте 87 муниципалдык, 13 ведомстволук жана 218 жеке менчик бала бакча бар. Алардын 5-июндан тарта иштей баштаары күтүлүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Бишкектеги мамлекеттик жана менчик бала бакчалардын тарбиячылары толугу менен COVID-19 вирусуна анализ тапшырат. Бул тууралуу брифинг учурунда калаанын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

Эске салсак, Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү мекемелери 5-июндан тарта иштей баштайт.

Анын айтымында, мэриянын сунушун Республикалык штаб колдоп, кызматкерлерди массалык түрдө скрининг кылууга макул болду.

Кузнецова билдиргендей, бала бакча жетекчилиги тез арада кызматкерлеринин тизмесин райондук акимчиликтерге бериши зарыл.

"Ар бир ата-эне балдарын коопсуз жакка жиберип жатканына ишениши керек. Ата-энелердин өзүнөн дагы үйдө тазалыкты сактап, балдарга маска алып беришин өтүнөбүз. Өзгөчө кырдаал учурунда гигиенаны сактап, бет кап кийип, аралыкты кармоо менен бири-бирибизге жардам берели", — деди вице-мэр.

Маалыматка караганда, эпидемияга каршы ыкчам комиссия төмөндөгү документтерди иштеп чыкты:

  • мектепке чейинки билим берүү жайларынын иштөөсү боюнча убактылуу регламент;
  • бала бакчага барган ата-энелердин анкетасы;
  • баланын ден соолугуна кам көрүү боюнча ата-энелердин милдеттендирме кагазы.

Мэрия: Бишкек азыр кооптуу, коронавирус жуктуруп алуудан абайлагыла
Убактылуу регламентте баланы эртең менен бакчага кабыл алуу, жеке гигиенасына кам көрүү үчүн шарттарды түзүп берүү, балдардын бир жерге топтолушуна жол бербөө, аралыкты сактатуу маселелери каралган. Ошондой эле бала бакча кызматкерлери маал-маалы менен бөлмөлөрдү тазалап, дезинфекциялап турууга милдеттүү.

Бишкекте 87 муниципалдык, 13 ведомстволук жана 218 жеке менчик бала бакча бар.