Америкалыктар бизнесин мародерлордон курал менен коргоп жатат. Видео

Чикагодо вино саткан дүкөндүн кызматкерлери бизнесин талоончулардан коргоо үчүн колуна ок атуучу курал алууга аргасыз болду.
Sputnik

Өмүрүн тобокелге салып тартышкан. АКШдагы башаламандыкты баяндаган 12 сүрөт
Кошмо Штаттарда өткөн аптада афроамерикалык Жордж Флойддун өлүмүнө байланыштуу каршылык акциялар башталган. Ал башаламандыкка айланып, акция Американын 40тай шаарына жайылды. Ошону менен катар митинг массалык талап-тоноо менен коштолуп, полиция менен кагылышуулар болуп жатат.

Бир нече штаттын губернаторлору жана шаардын мэрлери өз аймагына комменданттык саат киргизүүгө мажбур болду. Башаламандыкты токтотуу үчүн Улуттук гвардиянын аскерлери дагы тартылган.