Жумгалдын токойлоруна өсүмдүктүн түрүн өстүрүү тапшырмасы берилди. Сүрөт

Жумгалдын токой чарбасынын жалпы аянты 97,8 миң гектарды түзөт. Питомниктерде токой жана жемиш өсүмдүктөрүнүн жыйырмадан ашык түрү өстүрүлүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин башчысы Мирслав Аманкулов Нарындын Жумгал районунун токой чарбасын барып көрүп, питомниктердин жана көчөттөрдүн абалы менен таанышты. Бул тууралуу аталган агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Аманкулов көчөт менен үрөндөрдүн сапатына жана өсүшүнө көңүл бурган. Ошондой мөмө берген жана кооздук тартуулаган өсүмдүктүн санын көбөйтүүнү тапшырган.

Экологияны өзгөчө кырдаалда эле эстейбиз. Боронов токой чарба агенттигин сындады
Жумгалдын токой чарбасынын жалпы аянты 97,8 миң гектар. Анын ичинен токой аянты 26,3 миң гектарды түзөт. Ал жакта төрт токой чарбасы жана үч питомник бар. Питомниктердин жалпы аянты 20 гектардан ашат. Учурда ал жерде токой жана жемиш өсүмдүктөрүнүн жыйырмадан ашык түрү өстүрүлүүдө.

Быйыл мамлекеттик токой фондунун аймагындагы 20 гектардан ашык жерге Тянь-Шань карагайларынын 60 миң даана көчөтү отургузулган.

Жакында токой чарба агенттигинин жетекчиси Чүйдүн да токойлорун кыдырып, өсүмдүктөрдүн санын көбөйтүүнү тапшырган.