Японияда коронавирустун кесепетинен 16,7 миң адам жумушу жок калды

Январдын аягынан 29-майга чейин мейманкана тармагында иштеген 3 700 адам жумуштан кол жууса, туристтик автобустарды башкарган компанияларда эмгектенген 2 287 киши үйдө отуруп калган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Японияда коронавирустун кесепетинен 16,7 миңден ашык адам жумушсуз калды. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Жайкы сезондо акча тапкан көлдүктөр быйыл эмне болот. Ички туризмге үмүт артып...
Маалыматка ылайык, январдын аягынан 29-майга чейин мейманкана тармагында иштеген 3 700 адам жумуштан кол жууса, туристтик автобустарды башкарган компанияларда эмгектенген 2 287 киши үйдө отуруп калган. Ал эми өндүрүш тармагында 2 122 адам кызматтан четтетилген. Ошентип коронавирус Японияда биринчи кезекте туризм тармагына байланыштуу жумуштарга сокку урган.

Мындан тышкары, коронавирустун кесепетинен башка тармактарда да жумуш орду кыскарып, миңдеген киши жумушсуз калган.

Префектура боюнча ала турган болсок, жумушсуз калгандардын көбү Токиодо, андан кийин Осакада. Хоккайдо шаарында да миңден ашык кишинин кызматтан кол жууганы айтылды.

Эмгек биржасына консультация алыш үчүн 30 миңден ашуун арыз түшкөнү маалым болду.