Коронавирустан бир суткада үч киши каза болду, бири медик

Каза болгондордун баары эркек кишилер. Көз жумган медицина кызматкери апрель айынан бери пневмония дартына чалдыккандарды дарылап келген.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Өткөн суткада өлкө ичинде коронавирустан үч киши каза болду. Алардын бири медик. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Ош облустук бириктирилген ооруканасында каза болгон бейтаптар 59, 55 жаштагы эркек кишилер. Үчүнчүсү Нарын облустук ооруканасында дарыланып жаткан. Ал 84 жашта болгон”, — деди Үсөнбаев.

Жалпы каза болгондордун саны 20 кишини түздү.