"Ош-Тазалык" ишканасы таштанды чыгарган жаңы техникалуу болду. Сүрөт

Ош калаасындагы таштандыларды чыгаруу боюнча Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен 10 миллион евролук долбоор иштелип чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасы таштанды чыгарган 12 атайын техникалуу болгондугун Ош мэриясынан кабарлашты.

Жаңы техникалар Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын каржылоосу менен алынган. Алардын ачкычын тапшырып жатып Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов "Ош-Тазалык" ишканасынын техникалары толук жаңылана турганын айткан.

"Тазалык" ишканасында атайын техникалардын саны жетишсиз. Ошондуктан өткөн жылы жергиликтүү бюджеттен 30 миллион сом бөлүнүп, жалпы 14 атайын техника сатып алынган. Жаз-жайда жолго суу сээп тазалаган, кышкысын карды тазалаган төрт даана техника июль айында алып келинет", — деди Сарыбашев.

Ал Ош шаарында таштандыларды тазалоо боюнча Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен 10 миллион евролук долбоор иштелип чыкканын кошумчалады.

Мэрия: Бишкекте салынып жаткан жаңы полигон күзүндө ишке берилет
"Бул акчанын 50 пайызы насыя катары берилет. Долбоордун алкагында 41,2 миң еврого 32 таштанды салган контейнер алып келинип, учурда пайдаланып жатабыз. Июнда дагы бир топ партиясы келет. Мындан сырткары, таштанды жүктөгөн дагы 12 даана автоунаа алынышы күтүлүүдө", — деди Ош шаарынын мэри.

Ушул эле долбоордун алкагында шаарга жаңы санитардык полигон куруу пландалганы да маалым болду.