БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Өкмөттүн жерди трансформациялоо боюнча иши таш баканын кыймылындай. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурбек Алимбеков билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште "Жерди пайдалануу боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" долбоор экинчи окууда каралды.
Депутаттын айтымында, өкмөт элдин зар болуп турганына карабай, жерди трансформациялоо боюнча иштерди кечеңдетип келет.
"2009-жылга чейин алынып, үй курулуп калган тилкелерди трансформация кылгыла деп өкмөткө мыйзам кабыл алып бергенбиз. Андан кийин алынган жерлерде курулган турак жайларда азыр эл жашап жатат. Бул боюнча жаңы мыйзам алып келгиле дегенбиз. Бирок бир дагы жыйынтык жок. Өкмөттүн жерди трансформациялоо боюнча ишинин ылдамдыгы таш баканын ылдамдыгына барабар болуп калды", — деди эл өкүлү.
"Карапайым эл жерин мыйзамдаштыруу боюнча документтерин топтоп тиешелүү органдарга кайрылат. Ал кагаздар бюрократиянын айынан улам бир эшикке кирип-чыгып жүрө берет", — деди Алимбеков.
Ошондой эле ал Бишкектин тегерегиндеги жер маселелери чечилбегендиктен, жергиликүү тургундар менен милициянын ортосунда пикир келишпестиктер чыгып жатканын кошумчалады.