Жаалы катуу сел. Нарын аймагындагы суу каптаган жерлердин видеосу

Окуя болгон жерге ӨКМдин жана Нарын шаардык аскерлештирилген Өрт-куткаруу борборунан куткаруучулар тартылгандыгы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Бүгүн, 3-июнда, Нарын шаарында катуу жааган жамгырдан улам кыян жүрүп, кээ бир жерлерде селге айланып, турак үйлөрдүн короолорун каптаган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Аймактагы сел каптаган учурлардын видеосу "Короче" Telegram каналына жарыяланган.

Ал жерлерге аталган министрликтин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ, Нарын шаардык аскерлештирилген Өрт-куткаруу борборунан куткаруучулар тартылган.

Ал эми Нарын мэриясынын маалыматына караганда, суу каптаган аймакка мэр Нурбек Молдокадыров барып, түзүлгөн кырдаалга жараша тиешелүү тармактарга тапшырма берип жүрөт.

ӨКМ кырдаал боюнча кошумча маалыматтарды кечирээк бере тургандыгын айтты.