Мугалим аттестатка акча сураса чалгыла! Мэрия вице-мэрдин телефонун жарыялады

Эгер аттестат жоголуп кетип же башка бир себептерден улам керек болуп калса, дубликатты 41 сомго, сырты менен кошкондо 61 сомго алса болот.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Аттестаттар акысыз берилет, эгерде мектепте мугалимдер ата-энелерден кошумча акча сураса, вице-мэрдин түз өзүнө чалгыла. Бул кабарды мэриянын маалымат кызматы таратты.

"Урматтуу ата-энелер жана балдар! Эгер силерден же тааныштарыңардан мектеп кошумча акы талап кыла турган болсо, дароо шаардын вице-мэри Татьяна Кузнецованын 0554 312038 номерине чалып же ушул эле WhatsApp номерине видео, сүрөт фактыларын жибергиле", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия социалдык тармакта мугалимдер ата-энелерден аттестатка акча сурап жаткандыгы тууралуу маалыматтар тарагандыгын айтып, бул вице-мэр Татьяна Кузнецованын жеке көзөмөлүндө болорун эскертти.

Ата-энелер мектеп фондуна акча чогултулуп жатканын айтууда. Министрлик эмне дейт?
"Аттестаттар акысыз берилет. Эгер ал документ жоголуп кетсе же башка бир себептерден улам керек болуп калса, дубликатты 41 сомго, сырты менен кошкондо 61 сомго алса болот. Анын акысы банк аркылуу гана төлөнөт", — деп эскертти мэриядан.

Муниципалитет мектеп жетекчилиги, мугалим, бала бакча кызматкерлери окуучу, ата-энеден акча сурап, талап кылууга укугу жок экенин кошумчалады.

Аттестаттар акысыз берилерин буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги да эскерткен.