Ысыкта зарыгып, күнгө какталган айдоочулар. Кыргыз-казак чек арасынан сүрөт баян

Sputnik

Учурда алыска жүк ташып иштеген айдоочулар кандай кырдаалга кабылганын Sputnik Кыргызстандын сүрөт репортажынан көрсөңүз болот.

Алардын бири Казакстанда кыйынчылык майдын аягында келип чыкканын айтып берди. Акыркы үч күн ичинде чек арадан жүк ташыган бир нече гана автоунаа өтө алган. Анткен менен бүгүн, 3-июнда, автоунааларды ыкчамыраак өткөрө башташты.

1 / 10
Бир нече күн мурда кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги пайда болгон
2 / 10
Айдоочулардын көбү Бишкекке Казакстандан келишкен. Эми минтип үйлөрүнө жете албай отурушат
3 / 10
Дархан Молдоханов ары эмес же бери эмес, жолдун ортосунда калган айдоочулардын бири. Бир нече күн мурда Кыргызстанга ал күрүч алып келген
4 / 10
Баарынан да Кыргызстандан тез жарабай калчу азыктарды ташыгандарга жаман болду
5 / 10
Товар чирип кетпесин деп айдоочулар муздаткычтарын өчүрбөй жатканын айтышты
6 / 10
Муздаткычтар күйүүчү май менен иштейт. Алар тынымсыз, өчпөй иштеп туруш үчүн күнүнө 60 литрге чукул май керек
7 / 10
Көбү чек арада үч күндөн бери турганын айтышты. Бул убакытта муздаткычка 180 литр күйүүчү май керек. Ага эле алты миң сом кетет
8 / 10
Күйүүчү май жана башка чыгымдын баары айдоочулардын мойнунда
9 / 10
Өткөрмө пунктка жакын жайгашкан аймактагылар айдоочуларга колунан келген жардамын берип жатышыптыр
10 / 10
Кыргызстандагы тиешелүү тараптар чек арадагы абалдан кабардар экенин, аны чечүү жолдору каралып жатканын кабарлашты